АКШда Wi-Fi 6 ишке кирди

17 сентября 2019, 18:00

АКШнын интернет колдонуучулары үчүн Wi-Fi 6 ишке кирди. Бул зымсыз интернет түйүндүн жаңы түрүнүн ылдамдыгы мурункудан 3 эсе бат болот, мисалы мурун секундасына 3.5 Гбит болсо, жаңысы 9.6 Гбитке чейин жетүүдө деп жазат psm7.  

Wi-Fi 6 ылдам иштейт жана кененирээк маалымат алууга чоң мүмкүнчүлүк берет. АКШнын технологиялык компаниялары жаңы стандарттарды ишке ашырууда. Эксперттердин айтымында, Wi-Fi 6 iPhone 11 жана  Samsung Galaxy Note 10 уюлдук телефондоруна туташат.