Камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү боюнча мыйзам долбоору талкуудан алынды

14 марта 2023, 15:19

Экономика министрлиги камсыздандырылбаган үйлөрдүн электр жарыгын өчүрүү боюнча мыйзам долбоорун талкуудан алды.

Маалыматка ылайык, документ кайра карап чыгууга жөнөтүлдү.

Долбоордо жаңы менчик ээси же ижарачы турак жайга кирүүдө лицензиат менен келишим түзүп, анын атына жеке эсеп ачууга жана полисти көрсөтүүгө милдеттүү экени айтылган. Эгерде документтер жок болсо, лицензиат жаңы менчик ээсине полисти берүү зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. Болбосо ижарачы электр жарыгысыз калмак.