Банктардагы керектөө насыяларынын портфели беш жылдын ичинде 54,2% га өстү

30 июля 2021, 10:10

Улуттук банктын маалыматына ылайык, ушул жылдын июнь айынын акырында банктар тарабынан берилген керектөө насыяларынын көлөмү 18,9 миллиард сомго жеткен. 

Беш жылдын ичинде бул кредит портфели 54,2%га өстү. 2016-жылдын июлуна карата керектөө кредиттеринин көлөмү 8,6 млрд сомду түзгөн.

Беш жылдын ичинде орточо пайыздык чендер 27,7% дан 23% га чейин төмөндөдү.