Кыргызстанда рублдин сомго карата курсу төмөндөдү

28 февраля 2022, 09:14

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар рублди сомго караганда элден арзан сатып алууда. Улуттук банкка таандык “Керемет банкта” рубль болгону 50 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Алсак, саат 9:10до рублди сатып алуу боюнча эң жакшы курс Кыргызкоммерцбанкта 1,02 сом деп белгиленди. Ал эми башка банктар менен акча алмаштыруу жайлары рублди 0,5 сомдон -1 сомго чейин сатып алууда.

Белгилей кетсек, рублдин төмөндөшүнө Орусияда доллардын кескин кымбатташы себеп болгон. Бир күн мурун орусиялык коммерциялык банктарда доллардын баасы 153 рублга жеткен.