Кыргызстандын Кытай жана Монголиядагы жаңы элчиси дайындалды

27 сентября 2022, 15:21

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы жана ошону менен бирге Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, бүгүн президент бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келген Канайым Бактыгулованы бошотту.