Түркиядагы элчи Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

14 октября 2022, 15:43

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Азия мамлекеттеринин Түркия Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушуп, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Түштүк Корея, Япония, Бруней, Сингапур, Индонезия, Филиппин, Таиланд элчилери жана Малайзиянын элчисинин орун басары катышты.

"Элчи Өмүралиев ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасын шайлоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдар аралыгындагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди", — деп айтылат маалыматта.