Тогуз компаниянын бешөө Орусияга балык жеткирүүнү кайра баштады

23 октября 2023, 13:46

Орусияга балык жана балык продуктуларын жеткирүү Россельхознадзордун импортуна тыюу салганга чейин азыктарды ташыган тогуз компаниянын бешөө тарабынан калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Акчабарга” Айыл чарба министрлигинин балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул продукцияларды Россия Федерациясына экспорттоону "Тянь-Шань Фиш" ЖЧКсы, "Табигат белектери" дыйкан чарбасы, "Нур АгроРыбПром" ЖЧКсы, "Аквасервис" ЖЧКсы ишке ашырып, жакында эле "Аквапром" ЖЧКында жеткирүү иштери жанданды. Калган төрт ишкана Россельхознадзор аныктаган мыйзам бузууларды жоё элек.

Эдил Ниязов быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан Орусия менен Казакстанга 2 миң 994,6 тонна балык экспорттолгондугун кошумчалады.