Чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткендин ишкерлери салыктан бошотулушу мүмкүн

2 июля 2021, 10:15

Экономика жана каржы министрлиги 2021-жылдын апрелинин аягында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалын форс-мажор деп табууну жана жабыркаган ишкерлерди салык төлөөдөн бошотууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мекеме Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы жабыркагандардын тизмесине киргизген ишкерлерге жеңилдиктерди берүүнү сунуштап жатат. Алар ушул жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин салык төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

Эгер демилге колдоого алынса, анда киреше, пайда, импорттун кошумча нарк салыгынан тышкары КНСти, сатуудан, бирдиктүү салыктар боюнча нөлдүк ставкалар белгиленет.

Ишкерлер 1-октябрга чейин форс-мажордук кырдаалдардан улам келип чыккан салык карызын кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн арыз бере алышат.