Баткенге 139 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

28 октября 2022, 17:01

Баткен облусунда үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсацияга 139 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Белгилеп кетсек, Баткендеги чек арадагы чыр-чатакта жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 330 миллион 755 миң сом которулган. Анын 139 миллион 552 миң сому бир жолку компенсацияга жумшалган.

“Өткөн жылдагы 4 млн 898 миң сом калдыкты кошкондо, жумшала элек каражат 196 млн 101,5 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.