ОшМУда эс алуучу жайдын курулушуна 96,4 млн сом жумшалат

12 декабря 2022, 16:33

Ош мамлекеттик университети эс алуу жайын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 96 миллион 434 миң 580 сомду түзөт. Бул каражатка тендерди аткарган тарап 2023-жылдын 1-сентябрына чейин ОшМУнун эс алуу жайынын курулушун бүткөрүшү керек.

Мындан тышкары, тендерди аткара турган тараптын тажрыйбасына, аброюна, тийиштүү мамлекеттик органдардын курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келиши боюнча кеминде беш пикири талап кылынат. 

Баалоо курулуш материалдарынын жана жабдуулардын сапатына жараша эң аз чыгым менен жүргүзүлөрү айтылат.