Орусиянын университетине тапшырган ата-энесиз балдардын ар бирине 50 миң сомдон берилди

5 сентября 2021, 16:41

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев И.Н.Ульянов атындагы Чуваш мамлекеттик университетине (Чебоксары ш) тапшырган социалдык жатакананын тарбиялануучуларына сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Төрт окуучуга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды жана бюджеттик негизде окушат. Алар:

  • Аян Изяева - тарых жана география факультети;
  • Виктория Александрова - радиотехника факультети;
  • Азамат Кадырбек уулу - энергетика факультети;
  • Кубанычбек Талдыбеков - Энергетика факультети.