Баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн каражаттар 5 млрд сомдон ашты

20 июля 2020, 13:20

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында сатылган мамлекеттик казыналык векселдердин көлөмү 39.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өздүк Фейсбук баракчасында жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, КР Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Мамлекеттик казыналык облигациялардын көлөмү 4 млрд 916.7 млн сомду түзгөндүгү айтылууда.

15 июлга карата мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн каражаттардын өлчөмү 5 млрд 52 млн сомду түздү.