Патентке салыктан бюджетке кирешелер 24,6% га көбөйдү

4 октября 2021, 09:54

Ушул жылдын тогуз айында патент менен иштегендер Кыргызстандын бюджетин 1 миллиард 752 миллион 477,6 миң сомго толтурганын Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, каражаттардын көбү ыктыярдуу патенттин негизинде салык аркылуу казынага түштү - 1 миллиард 547 миллион 128,8 миң сом, калган сумма милдеттүү патенттердин эсебинен болду.

2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу патенттин негизинде салыктын өсүшү 24,6%ды түздү.