Кыргызстанда керектөөчү баалардын саны 7.2% өстү

10 декабря 2020, 17:00

2020-жылдын январь-ноябрь айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөөчу баалардын саны республика боюнча 7.2% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Комитеттен белгилешкендей, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баа 13.2%, алкогол жана тамекинин баалары - 6.2% , тариф жана кызматтардын баасы - 2.2%, азык-түлүк эмес товарлардын баалары - 1.2% төмөндөгөн. 

«Керектөөчү баалардын жана тарифтердин максималдуу өсүшү жыл башынан бери Талас облусунда (10%) катталган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктердин баалары 20.1% өскөн», — деп белгилешти Улуттук статистикалык комитеттен.