КР керектөөчү баалар жана тарифтер 1.2% жогорулаган

11 марта 2020, 15:50

2020-жылдын февраль айында өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөөчү баалар жана тарифтер республика боюнча 1.2% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Мунун себеби алкогол жана чылымга болгон баалар 4.4%, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 1.9%, кызматтарга болгон баа - 0.2% жогорулаганы болгон. Мунун менен катар азык-түлүккө болгон баа жылдын башынан бери 0.3% арзандаган. 

Февраль айында керектөөчү баалар жана тарифтердин жогорулоосу республиканын бардык аймактарында байкалган. Максималдуу өсүш (1.7%) Нарын жана Ысык-Көл облусунда катталган.