КР керектөөчү товарларга болгон баа 1.2% өскөн

12 ноября 2019, 12:50

2019-жылы январь-октябрь айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырганда) республика боюнча керектөөгө болгон баалар жана тарифтер 1.2% өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Баткен облусунда жыл башынан бери керектөөчү товарларга болгон баа 3.7% өскөн. Бул башка региондорго салыштырып караганда, эң көп көрсөткүчтү түзгөн. Тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 6.4 % өскөн, ал эми тамеки продукцияларынын баасы - 3.0% көбөйгөн. Ысык-Көл облусунда азык-түлүк товарларына баа 1.6% кошулган, Нарын облусундагы тариф жана кызматтарга 2.8% көбөйгөн.