Нефть жана газ өндүрүү, ташуу жана сатуу боюнча ишкана түптөлдү

22 июня 2022, 16:09

Энергетика министрлигинин алдында “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы ишкананын негизги функциялары:

  • мунай жана газ өндүрүүчү ишканалар тарабынан мунай жана газ өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-аракеттер;
  • отун-энергетика комплексин Кыргыз Республикасындагы кендерден өндүрүлгөн газды керектөөгө өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • мунай менен газды сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу;
  • Кыргыз Республикасынын мунай жана газ тармагындагы келечектүү ишканаларды модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
  • менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга мунай жана газды ички рынокто да, өлкө чегинен тышкары сатуу;
  • мунай жана газ өндүрүүчү ишканалардын газ өткөргүч системасына кошулуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

“Кыргызтранснефтегаз” МИге Ош жана Баткен филиалдары, ошондой эле “Сох жаратылыш газ кампалары” кирет.