Дубайдын башкаруучусу ЭКСПОдогу Кыргызстандын павильонуна барды

14 декабря 2021, 12:50

ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна Дубай Эмиратынын башкаруучусу, Бириккен Араб Эмираттарынын Премьер-министри жана вице-президенти шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум келди.

Кечээ, 13-декабрда болгон бул сапардын алкагында жогорку даражалуу конок Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушту.

Кыргызстандын дүйнөлүк көргөзмөгө катышуусун кубаттап, Шейх Мохаммед ЭКСПО-2020 кыргыз маданиятын жана өлкөнүн келечекке болгон көз карашын көрсөтүү үчүн глобалдык аянтчаны сунуштай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, БАЭ Премьер-министри Акылбек Жапаров менен эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда, өзгөчө билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу жолдорун талкуулады.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин башчысы Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын ортосундагы бекем байланыштарды жогору баалап, БАЭ өлкөдө ишке ашырууга жардам берген билим берүү долбоорлоруна токтолду.