Кыргыз өкмөтү «Astra Solar Technology» компаниясына ЕАЭБ рыногуна чыгууга жардам берет

12 апреля 2021, 15:00

Күн панелдеринин тетиктерин чыгарган "Astra Solar Technology" компаниясына ЕАЭБ базарына чыгууга жардам берилет. Мындай чечим Инвестициялар боюнча агенттигинин директорунун жумушчу сапарынын жүрүшүндө кабыл алынгандыгын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

[жаңылык 33371]

Сапардын жүрүшүндө агенттиктин директору заводдун иши жана долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Ошондой эле, заводдун башкы директору менен Алмамбет Шыкмаматовдун жолугушуусунда ишкананын Евразия экономикалык бирлигинин базарларына чыгуусу боюнча план иштелип чыккан.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында компания 500 миллион долларга монокристаллдык куймаларды жана вафлиндерди жеткирүү боюнча буйрук алган.