Өкмөт буудай жана ун сатып алууга 800 млн сом бөлдү

22 апреля 2020, 16:47

Өкмөт буудай жана ун сатып алууга 800 млн сом бөлдү. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Маалым болгондой, бөлүнгөн каражаттын ичинен бүгүнкү күндө 230 млн сому коротулду. 

Белгиленгендей, каражаттар «Айыл чарбаны каржылоо - 8» долбоорунун алкагында бөлүнгөн.