Кажы-Сайда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 20 миң сом сарпталат

23 августа 2021, 09:01

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу Кажы-Сай айыл өкмөтү товар сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Майрамдык иш-чарага керектүү товарлар жана кызматтар 20 миң сомго же 236 долларга бааланган. Көрсөтүлгөн суммага эмнелер кирээри боюнча так маалымат жок.

Белгилүү болгондой, тендер келишимди түз түзүү ыкмасы менен өткөрүлөт.