Ишкер мамлекетке 1,7 миллион сом зыян келтирген

7 декабря 2020, 13:40

Компаниянын директору болгон Кыргыз Республикасынын жараны сатуудан түшкөн салык отчетунда 72,4 миллион сом суммасында аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жашырып койгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында компанияга 1.7 миллион сом суммасында мамлекеттик бюджетке төлөнө турган сатуудан түшкөн салык түрүндө кошумча каражат түшкөн.

ЖЧКнын директору күнөөлүү деп табылып, үч жылга камакка алынгандыгы белгилүү болду.