7 күн ичинде ишкерлерге 65 кепилдик берилген

9 декабря 2020, 14:30

2020-жылдын 1-декабрынан 7-декабрга чейин Кыргызстандын ишкерлерине 65 кепилдик берилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Кепилдик фондунун сайтында маалымдалат. 

Ноябрда бизнеске кепилдиктер аркылуу насыялар берилип, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. Ушундай эле көрсөткүч декабрда дагы сакталарына ишенет. Себеби, ушул айдын алгачкы жумасында эле 65 кепилдик берилген. 

Кошумчалай кетсек, бул жылы кепилдик фонду 854 млн сомго 1.6 миң кепилдик берген.