Ишкерлер малдын ылаңынын алдын алуу үчүн карантиндик бекеттерди ачышты

3 августа 2021, 11:00

Өлкөдө сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалды. 

Республика боюнча импорттолгон тирүү мал жандыктары үчүн төрт карантиндик станция ишке кирди. Анын ичинен Чүй облусунун Панфилов карантиндик станциясы 800 башка, Сокулук жана Ысык-Ата карантиндик станциялары 600 башка, ал эми Талас карантиндик станциясы 300 башка ылайыкталган.

Карантиндик бекеттерде сырттан кирген тирүү малдар 2-3 күн кармалып, кан алынып, ылаңы текшерилет жана идентификатсиядан өткөрүлүп, кулактарына Кыргызстандын биркасы тагылат. 

Белгилүү болгондой, карантиндик бекеттер жеке ишкерлер тарабынан кызмат көрсөтөт.