Ишкерлер БУУӨПтөн 130 миң долларга гранттарды алышты

28 июня 2021, 12:20

БУУнун Өнүктүрүү Программасы, JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте, Кыргызстандын ишкерлерине COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн гранттык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чакан жана орто ишканалардын 13 өкүлү 130 миң долларга гранттык колдоого ээ болушту. Грант алуу үчүн ишкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек болчу:

  • үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • өнүгүүнүн так планы (бизнес-план жана каржылык модель);
  • долбоорду биргелешип каржылоого даярдык;
  • ишкер аялдардын жана жаштардын кайрылуулары;

Каражат төмөнкүлөргө багытталышы керек:

  • жаңы жабдууларды сатып алуу же иштеп жаткан техниканы өркүндөтүү;
  • грантты пайдалануунун деталдуу негиздемесин эске алуу менен жүгүртүү каражаттарын толуктоо.

Гранттар Жапония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУӨПтүн долбоорунун алкагында берилди.