Аймактардагы бизнес кепилдик менен 1 млндон ашык акча ала алат

30 ноября 2021, 12:41

Ушул жылдын ноябрында "Кепилдик фонд" ААК Башкармасы региондордогу кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1,5 миллион сомго чейин кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берүү лимиттерин жогорулатуу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылды.

Буга чейин бекитүү лимити чектелген, бул 1 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик инвестицияларды талап кылган пландары жана бизнес-долбоорлору бар ишкерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүнө белгилүү бир деңгээлде тоскоол болгон.

"Кепилдик фонддун бардык ишмердүүлүгүндө кепилдиктердин 84%ы өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнести колдоого багытталган", — деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.