Ишкерлер 901,9 миң сом салыктан бошотулду

22 января 2024, 12:40

Аймактарды өнүктүрүү үчүн 94 чарба жүргүзүүчү субъектилер 901,9 миң сом салыктан бошотулду. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди. 

Ошондой эле, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштын натыйжасында зыянга учураган айыл чарба мал-жандыгынын жана автоунаалардын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартиби бекитилип, жабыркаган менчик ээлерине жалпы суммасы 149 млн 87 миң 716 сом компенсация төлөмү каралган. 

Өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине 132 айыл жана 10 тилке киргизилген.