Бишкек шаарындагы 2700 ишкерге өткөрмө уруксат кагаздары берилген
Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан, коомдук тамак-ашты тейлөө тармагындагы ишкерлерге дээрлик 2 миң 700 өткөрмө уруксат кагаздары берилген. Бул тууралуу КР республикалык штабынан билдиришти.
«Бишкек шаары үчүн тамак-ашты тейлөөгө берилген 2.7 өткөрмө уруксат кагазы жетиштүү. Шаардын чекесинде жашагандар үчүн азык-түлук жеткирүүдө маседле жаралып жатат. Биз азыр ушул суроонун үстүндө иштеп жатабыз», — деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
Андан сырткары, комендатура тарабынан фирма жана медициналык кызмат, дары-дармек жабдыктары менен камсыз кылган уюмдарга 700 өткөрмө уруксат кагаздары берилген.