Ишкерге спорттук комплекстин курулушу үчүн пайызсыз насыя берилди

10 октября 2021, 08:54

Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондунан ишкерге Балыкчыда спорттук-эс алуу комплексин ачуу үчүн 6 миллион сом үстөксүз насыя берилди.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылы аларга ишкер Орунбек Керимов ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу долбоору менен кайрылган. Байкоочу кеңеш ага пайызсыз насыя берүүнү чечкен.

Бул акчага спорттук комплекс курулуп, керектүү жабдыктар сатылып алынган. Учурда жумуш аяктап, объект пайдаланууга берилди.