Ишканалар жана алардын акционерлери биржада 1,4 млрд сом тартты

31 августа 2021, 09:17

Жыл башынан бери ишканалар жана алардын акционерлери жалпысынан Кыргыз фондулук биржасынын тутумунда биринчи жана экинчи рыноктордо 1 миллиард 399 миллион 831,2 миң сомго бүтүмдөрдү жүргүзүштү.

Анын ичинен 952 миллион 413,1 миң сомду бизнес өз компанияларынын капиталына, 447 миллион 417,4 миң сомду акционерлер тарткан.

Кошумчалай кетсек, ишканалардын 94,6 миллион баалуу кагаздары менен жалпысынан 1 миң 304 бүтүм жүргүзүлгөн.