Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайына инвестициялар кыскарды

13 декабря 2022, 15:54

Быйыл 2022-жылдын 1-октябрына карата өлкө ишканаларынын өндүрүш тармагына каржылык салымдары 56 миллиард 99 миллион 812 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл бул тармакка 71 миллиард 971 миллион 277 миң 600 сом багытталган. Башкача айтканда, инвестициянын көлөмү 22%га азайган.

Статистикалык маалымат боюнча, финансылык инвестициялардын негизги бөлүгү былтыркыдай эле металл жана даяр металл буюмдарын өндүрүүгө туура келет. Ал 50 миллиард 860 миллион 864,2 миң сом, же жалпы көлөмдүн 90,7%ын түзөт.