Ишканалар жер астындагы жана үстүндөгү сууларды коргоого аз акча сарптай башташты

24 ноября 2022, 15:19

Кыргызстанда беш жылдын ичинде жер үстүндөгү жана астындагы сууларды коргоо боюнча ишканалардын жана уюмдардын чыгымдары жети эсеге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2021-жылы республиканын ишканалары жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды коргоого 43,8 миллион сом жумшашкан. Эң көп чыгаша Ош шаарынын ишканаларына – 23,7 миллион сом, Жалал-Абадга – 9,1 миллион сом жана Ысык-Көл облусуна – 7,8 миллион сом туура келген.

Белгилеп кетсек, 2017-жылы ишканалардын тиешелүү чыгымдары 311,1 миллион сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көп болгон. Мында республиканын ишканалары жана уюмдары 2019-жылы жер үстүндөгү жана астындагы сууларды коргоого беш жыл ичинде эң аз каражат жумшашкан, анда бул сумма 31,1 миллион сомду түзгөн.