Кыргызстандагы ишканалар өз кызматкерлерине 332 млн сом карыз
Статкомитеттин билдиришинче, ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда эмгек акыга болгон карыз 332 миллион сомду түздү.
Эмгек акыга болгон карыздын жалпы көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн Чүй (43,5%), Баткен (12,6%) жана Жалал-Абад (11,2%) облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын (16,8%) ишканалары жана уюмдары ээлейт.
Талас облусунда мындай карыз катталган жок.