Кыргызстандын ишканалары жумушчуларга 327,5 млн сом карыз

27 января 2022, 10:51

2021-жылдын 1-декабрына карата ишканалардын өз кызматкерлерине эмгек акысын төлөө боюнча 327,5 млн сом карызы бар. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 1,4%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Эмгек акы боюнча жалпы карыздын олуттуу үлүшү Чүй облусунун ишканаларына жана уюмдарына (42,6%) туура келген.

Белгилей кетсек, жалгыз Талас облусундагы ишканалардын өз жумушчуларына карызы жок.