Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Саркисянды «Даңк» медалы менен сыйлады

27 января 2020, 13:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды «Даңк» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Жээнбеков Саркисянды кабыл алып жатып 2019-жыл евразиялык интеграциянын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ЕАЭБ жаш жана тез өнүгүп келе жаткан интеграциялык уюмдардын бири. Ага мүчө мамлекеттердин негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатканы байкалууда», — деди өлкө башчы. 

Өлкө башчы Тигран Саркисян ЕЭКте төрага болуп турганда Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынып, пенсиялык камсыздоо макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин айтты. Ошондой эле евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

ЕАК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ал иштеген убакыт ичинде көрсөткөн колдоосу үчүн Жээнбековго ыраазычылык билдирди.