"Кыргызалтындын" төрагасы кызматтан кетти

12 ноября 2020, 13:15

"Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты "Акчабарга" аталган компаниянын басма сөз кызматы тастыктады.

Алмаз Алимбеков буга чейин Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, жер казынасын пайдалануу жана отун-энергетикалык комплексинин башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Ал  2015-жылдан бери "Кыргызалтындын" төрагасы болуп иштеп жаткан.

Компаниянын пресс-катчысы аны «Кыргызалтын» ААКнын мыкты кризистик менеджерлеринин бири катары сыпаттап, жамаат Алимбековдун жумуштан кеткенине кайгырып жатканын кошумчалады.