«Капитал Банктын» башкармалыгынын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду

1 ноября 2021, 14:55

"Капитал Банктын" башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу дайындалды.

Тактап айтканда, 29-октябрдан тарта Нурдин Мүсүралиев “Капитал Банктын” башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулган. Чечим өз каалоосу менен берилген арызга ылайык кабыл алынган.

Бүгүндөн тарта Замирбек Акунов банктын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин төраганын орун басары кызматын аркалаган.