Үч күрөөкананын лицензиясы токтотулду
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы бир катар юридикалык жактардын лицензиясы токтотулганын билдирди.
Атап айтканда, лицензиясы токтотулган күрөөканалар төмөнкүлөр:
- "Экстра-Түп" күрөөканасы;
- "Гарант 58” күрөөканасы;
- "Чын-Күн" күрөөканасы.
Мындан тышкары, “Реестр Сервис” ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрин жүргүзүү лицензиясы токтотулду.