«Манас» аэропортунун туунду компаниясынын башкы директорунун ыйгарым укуктары токтотулду

6 августа 2021, 15:01

"Манас эл аралык аэропорту" ААКсынын туунду компаниясы "Манас Авиасервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун ыйгарым укуктары токтотулду, деп билдиришти компаниядан.

Талантбек Исаковдун ыйгарым укуктарын токтотуу чечими анын өз каалоосу менен отставкага кетүү тууралуу жазган арызынын негизинде кабыл алынган.