«Дастандын» директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулду

18 мая 2022, 09:08

"Дастан" ТНКнын жылдык жалпы чогулушунда акционерлер директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, Нурдин Абдылдаев, Жаныбек Аманалиев жана Чыныбек Анарбек уулунун ыйгарым укуктары токтотулду.

Директорлор кеңешинин бош орундарына Абдинабия Алиева, кайра Нурдин Абдылдаев менен Чыныбека Анарбек уулу шайланды.

Кошумчаласак, акционерлер "ТНК Дастан" ААКнын аудитору Таалайгүл Сулайманованын да ыйгарым укуктарын токтотту. Анын ордуна Талапкер Осмонов дайындалат.