«Бакай Банктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары токтотулду

3 сентября 2021, 09:56

"Бакай Банктын" аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, директорлор кеңешинин 1-сентябрдагы чечими менен башкармалыктын төрагасынын орун басары Айгүл Телеушеванын ыйгарым укуктары токтотулду.

Айгүл Телеушева өткөн жылдын апрель айынан бери "Бакай Банктын" директорлор кеңешинин орун басары кызматын аркалап келген. Ага чейин ал "Демир Кыргыз Интернешнл Банк" ЖАКында иштөөгө жетишкен жана "ДКИБ-Башкы" филиалынын директору болгон.