Премьер-министр: КР 80% товары ЕАЭCке экспорттолуп жатат

25 сентября 2019, 17:20

80% кыргыз товарлары ЕАЭСтин рыногуна коштоочу документтер менен эркин жеткирилип турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда “Евразия жумалыгында” премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

 “ЕАЭCке экспорттолуп жаткан товарлар, азыркы учурда өлкөнүн сыртында кенен таанылган, жогорку сапаттагы экологиялык жактан таза продукциялар. Бул факт Кыргызстан бүгүн -  көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекет экенинен кабар берип турат. Таза эмгек менен иштейм дегендер үчүн өлкөнүн эшиги дайыма ачык. Өкмөт аз убакыт ичинде ишкерликти өнүктүрүү үчүн бир катар пландарды иш жүзүнө ашырды” – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Анын айтымында, Евразиялык союз жылдан жылга экономикалык көз карандысыздыкты жана атаандаштыкты жаратып, чыныгы күчүн көрсөтүп жатат. 
ЕАЭС социалдык-экономикалык оор маселелердин чечүү жолун эффективдүү чечүүдө.