КР Өкмөтү көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтөт

10 января 2020, 14:30

КР Өкмөтү көмүскө экономика менен күрөшүүгө активдүү көңүл бурат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттик саясаттын негизги принциптерин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Биз көмүскө экономика менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Товарлардын эсепке алынбай ташылып келинишине каршы күрөшүү үчүн Казакстан менен чектешкен аймакта автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү система иштеп жатат. Бул системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар жана Талас облусундагы Чоң-Капка бекеттерине орнотулду. Салыктык жана төлөм башкарууларынын бардык чынжыржасы боюнча аналитикалык платформаны куруу иштери бардык салыктык текшерүүлөрдү кыскартууну жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервисттик моделин курууну шарттайт. Жүктү ачпастан транспорт каражаттарды сканерлөөдөн өткөргөн Кыргыз Республикасы менен чектешкен ЕАЭБдин тышкы чек араларына инспектордук-текшерүүчү комплекстер орнотулду.  Бул кадам бажы көзөмөлдөө процессин тездетип,  декларацияны туура эмес толтуруу учурларын азайтат. Муну менен биз товарларды көзөмөлдөө системасы мамлекеттик бюджеттин кирешесин олуттуу түрдө көбөйүүсүн жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган жүктү көзөмөлдөөнү шарттайт деп кепилдик беребиз, эң негизгиси көмүскө экономиканын деңгээли төмөндөйт. Ал эми кийинчерээк мыйзамсыз ишкерликтен арылабыз», - деп белгилеген Өкмөт башчы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иштерди 2020-жылы дагы улантарын кошумчалады.