Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетти
Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп шайланды. Мындай чечим кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын «Достук » мейманканасында өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кеткендиги айтылды.
Эскертке кетсек, Садыр Жапаров 2018-жылы адамды туткунга алуу беренеси боюнча 11,5 жылга эркинен ажыратылган.
Жапаров борбор калаада болуп өткөн митингден кийин, тарапташтары тарабынан абактан бошотулган.