Жасалма доллар сатууга шек саналгандар кармалды

12 октября 2022, 13:06

УКМК кызматкерлери тарабынан республикага жасалма АКШ долларын алып келүүчү канал аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Бишкек шаарында 5,7 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма банкнотторду сатууга аракет кылган эки жараны кармалды. Алар криптовалюта сатып алуу үчүн бара жатканы аныкталган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.