УКМК жерди мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схеманы аныктады

16 апреля 2024, 11:05

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Новопокровский жана Люксембург айыл аймактарындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо фактыларын аныктады. Жер тилкелерин каттоо жана мыйзамдаштыруу үчүн соттун чечимдери бурмаланган.

Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле уюштуруучулар С.А жана Р.М., Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечиминин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында бул фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.