Соодагерлерге июлга чейин патент менен иштөөгө уруксат берилди

5 декабря 2023, 14:23

Президент Садыр Жапаров ККМге каршы митингге чыккан "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолукту. Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып ал учурдагы салык режими 2024-жылдын июлуна чейин каларын айтты.

Анын айтымында, чечим Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өздөрү мындай өзгөрүүлөргө даяр эместигинен улам кабыл алынды.

“Мен бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, салык кызматкерлери жана ишкерлер менен дагы бир жолу жыйын өткөрөм. Андан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат. 2024-жылдын 1-июлуна чейин мурун кандай болсо, ошондой иштегиле”, - деди ал.