Президент Баткен облусуна иш сапары менен барат

10 марта 2020, 14:00

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 10-мартта, Мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.

Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.