Президент быйыл 100 ири объект ачууну убадалады
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ири объект ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына арналган салтанатта айтты.
Бишкекте Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата салтанат болуп өттү. Бишкекте майрам 21-22-мартта дагы белгиленет. Шаардыктарды бүгүн саат 12:15тен 22:00гө чейин эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.