Президент үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады

14 сентября 2023, 08:30

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Саламаттык сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Гүлнара Баатырова жана Санариптик өнүктүрүү министри болуп Нурия Кутнаева дайындалды.

Буга чейин алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган.